Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Жогорку Кеңеште Чубак ажынын айткандарына баа берүү сунушталды


Парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун айткандарына баа бериши керек деген сунуш айтылды. Мындай демилгени КСДП фракциясынын депутаты Алфия Самигуллина көтөрдү. Ал Чубак ажынын жума намаз үчүн түшкү тыныгууну узартуу сунушун четке каккан депутаттарды кескин сынга алып, катуу билдирүү менен чыкканына таң калганын айтты. Ошондой эле жумуш убактысын жылдыруу демилгеси социалдык маселе экенин, аны ишке ашыруу өкмөткө оңойго турбастыгы эске алынып, каршы добуш берилгенин кошумчалады.

7-июнда Жогорку Кеңештеги социалдык саясат боюнча комитети депутат Тазабек Икрамовдун жума намаз убагында түшкү тыныгууну узартуу сунушун карап, көпчүлүк ага каршы болгон.

Жалилов мыйзам долбоорду колдобогон депутаттарды "динге каршы чыкты" деп айыптаган билдирүү тараткан. Депутат Жанар Акаев анын айткандарын "экстремисттик чакырык" деп баалады. (NT)

XS
SM
MD
LG