Сенат 8-июнда өкмөттүн каршылыгына карабай, басымдуу көпчүлүк добуш менен Орусияга киргизилген санкцияларды акырындык менен кыскартуу чечимин жактырды. Өкмөт санкциялар Украина боюнча Минск келишими аткарылгандан кийин гана алыныш керек деп эсептейт.
Европа биримдиги 2014-жылга чейин Орусиянын ири соода өнөгү болгон. Москванын Украинага карата аракети мунай жабдууларын сатуудан тартып, орус банктарынын насыя алуусуна чейин санкция киргизилишине алып келди. Ага жооп кылган Орусия Европадан азык-түлүк импортуна чектөө киргизген.
Москванын контрсанкциясынан Франциянын тамак-аш жана автомобиль тармагындагы компаниялары жабыркады. Француз парламентарийлери санкциялар Франциянын экономикасына зыян келтирип жатканын, Европа АКШнын Орусияга карата саясатынын артынан жүрбөш керек деген пикирлерди билдирди. (AiT)