Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:37

Орус президенти Беларусияны азык-түлүгүн Орусияга көбүрөөк экспорттоого чакырды


Владимир Путин
Владимир Путин

Бирок Беларустун орус газын арзандатуу боюнча максаты орундалбай калганы кабарланды. Президент Путин санкция киргизилген батыш продукцияларын Беларус аркылуу контрабандалык жол менен ташууну токтотуп, өз азык-түлүгүн экспорттоого 8-июнда Минскиде президент Александр Лукашенко менен жолугушууда чакырды. Шаршемби күнү Беларуста эки өлкөнүн региондорунун форуму болду. Орусия батыш жана АКШдан кээ бир азык-түлүк импортуна тыюу салган. Ага чейин Москванын Крымды аннексиялап алышына жана Чыгыш Украинада жикчилдерди колдоосуна байланыштуу батыш Орусияга каршы санкцияларды киргизген.

Газдын баасына байланыштуу маселеге токтолгон Владимир Путин анын үстүнөн эки өлкөнүн өкмөттөрү иштеши керек деди. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун билдирүүсүнө караганда, президенттер газдын баасына байланыштуу маселени чечүүнү министрлерге тапшырды. Беларус Орусия газына бааны арзандатуу талабын коюп келет. (AiT)

XS
SM
MD
LG