Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Кадыр Маликовго кол салууга шектүү адам өмүр бою эркинен ажыратылды


Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-июнда кабыл алды. Соттун чечимине ылайык, соттолгон Алибек Тилек уулунун үй-мүлкү да конфискацияланат.

Өкүм окулуп жатканда бул адам ордунан туруудан баш тартып, Куран окуп отурган.

Кадыр Маликовго 2015-жылдын 26-ноябрында Бишкекте кол салуу болгон эле. Кылмышкерлер анын бетине бычак менен жаракат келтиришкен. Жабырлануучу кол салгандар "Ислам мамлекети" террордук тобунун өкүлдөрү экенин жана өлтүрүүнү максат кылганын билдирген. Окуядан кийин кылмышка шектүүлөр Алибек Тилек уулу, Рыскул Бейшеналиевди Казакстан, Түркия аркылуу Сирияга өтүп бараткан мезгилде түрк полициясы кармаган. Алибек Тилек уулу быйыл мартта Кыргызстанга алып келинген.

Кадыр Маликов “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборун жетектейт. Ал жергиликтүү жана эл аралык диний-экстремисттик топторду, радикал, террорчул уюмдарды катуу сындап жүрөт. (NT)

XS
SM
MD
LG