Маалыматка караганда, 8-июнда эки өлкөнүн аскерий өкүлдөрү кеңеш куруп, анда Орусия эки ортодогу инциденттерге жол бербөөнүн чарасын ортого салган.
Анда негизинен суу жана абада инциденттерге жол бербеш үчүн уруксат берилген белгилерди жана байланыш каналдарын пайдалануу сунушталган. Орусиянын мындай сунушу бир нече жолу курч инциденттер болгондон кийин чыкты. Балтика жана Кара-Деңизде Орусиянын аскерий учактары АКШнын аскерий учагы жана кемелерине опурталдуу деңгээлде жакындашып, ал “кесипкөй” эмес катары бааланган. (AiT)