Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Грузия: НАТО Грузияны “кылчактабай” мүчө кылышы керек


Грузиянын коргоо министри Тинатин Хидашвили
Грузиянын коргоо министри Тинатин Хидашвили

8-июнда Вшингтондо өткөн талкууга катышкан Грузиянын коргоо министри Тинатин Хидашвили Грузиянын НАТОго мүчөлүккө умтулуусу анын Орусиянын басымына баш ийбесин көрсөтөт деп билдирди. Анын белгилешинче, Грузиянын коопсуздугу Европанын коопсуздугу үчүн принципиалдуу маселе, “Грузия Европанын коопсуздук архитектурасынын бир бөлүгү болушу керек”. Грузиянын коргоо министри 8-9-июлда Варшавада боло турган НАТО саммитинин алдында “акыл калчаган” Вашингтондогу жыйынга катышкан. Аны менен кошо Чыгыш Европанын өкүлдөрү да болду. Грузия Орусиянын каршылыгына карабай НАТОго мүчө болуу аракети илгерилейт деп үмүттөнөт. Хидашвили “НАТОго Грузияны кошуп алууда Батыш абдан батыл болуш керек. Бул нерсе Орусия вето кое албасын далилдөө үчүн Батышка көбүрөөк керек. Алар силер үчүн чечим кабыл албаш керек” деди. "Анткени Грузиянын НАТОго мүчө болбой жатышынын бир гана себеби бар, ал Орусиянын аны каалабашында. Аны бул жердегилер жана башкалар билет" деп белгилеген грузин министри. (AiT)

XS
SM
MD
LG