Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:13

Орусия, Иран жана Сириянын коргоо министрлери Тегеранда аскердик кызматташууну сүйлөшөт


Министрлер Сергей Шойгу, Хоссейин Дехкан жана Фахд Яссем аль-Фрейжи 9-июнда Иран борборунда "Ислам мамлекети" аталган террордук топко жана "Аль-Каида" менен байланышкан "Ан-Нусра" фронтуна каршы биргелешип күрөшүүнү талкуулайт. Москва жана Тегеран Дамасктын негизги колдоочусу. Алар Сирия бийлигин финансы жана курал жагынан камсыздап турат. Орусия өткөн жылы сентябрь айынан тарта Сирияда жоочуларды бомбалоону баштаган. Аны менен президент Башар ал-Асаддын абалы бекемделип, азыркы кезде өкмөт көзөмөлдөгөн аймактарды кеңейтүүдө. Москва Алеппонун айланасындагы козголоңчуларды бомбалоону күчөтөрүн билдирип, алар жарашуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланбады, "Ан-Нусра" менен байланышын үзбөдү деп айыптоодо. (AiT)

XS
SM
MD
LG