Казакстандын спорт жана туризм боюнча мурдагы министри Талгат Ермергияев коррупция боюнча айыпталып, 9-июнда 14 жылга эркинен ажыратылды. 47 жаштагы Ермегияев 2011-12-жылдары министр болгон. 2013-жылы "Астана-Экспонун" башчылыгына дайындалган. Ал уюм 2017-жылы Астанада боло турган эл аралык көргөзмөгө даярдыкты жүргүзгөн.
"Астана-Эксподогу" ири суммадагы уурдоолорго байланыштуу Ермегияев 2015-жылы июнь айында үй камагына отургузулган. Анын менен кошо орун басарлары да эркинен ажыратылды. Мурунку министр соттун өкүмүнө макул эместигин, жогорку сот инстанцияларына арызданарын билдирди. (AiT)