Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:42

Июнь коогасынын алты жылдыгы эскерилет


Июнь коогасына арнап тургузулган "Энелердин көз жашы" эстелиги.
Июнь коогасына арнап тургузулган "Энелердин көз жашы" эстелиги.

Бүгүн Ош шаарында 2010-жылдагы Июнь коогасынын курмандыктары эскерилет. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Жумамидин Сулайманкулов “Азаттык” радиосуна билдиргендей, шаар жана облус башчыларынын, Жогорку Кеңеш депутаттарынын катышуусунда “Энелердин көз жашы” эстелигинин жанында калабада каза болгондорго багышталып куран окутулат:

-Андан соң согуш учурунда кайтыш болгондордун үйлөрүнө барып, жакындарынан кабар алышат. Быйыл бул күн орозого туш келгендиктен, чоң эскерүү жыйыны уюштурулган жок.

2010-жылдын 10-июнунда Ош шаарында этнос аралык жаңжал тутанып, Жалал-Абад облусуна чейин тараган. Үч күндүк калабада беш жүзгө жакын адам каза болгон. Андан тышкары, 129 адам дайынсыз жоголгон. (SE)

XS
SM
MD
LG