Ош шаарында Бабур атындагы өзбек академиялык драма театры Кыргызстандан Сириядагы согушка азгырылып жаткандар тууралуу “Эне жүрөгү” аттуу спектакль даярдашты. Анда диний агымдын алдоосу менен Сирияга кеткен жигиттин тагдыры, анын үй-бүлөсүндөгү трагедия чагылдырылган.
Спектакль көрөрмандарга ушул аптада сунушталды.
Расмий маалыматтарга караганда, Ирак жана Сириядагы экстремисттик топтордун катарында 500дүн тегерегинде кыргызстандык бар. Алардын жүз чамалуусу бала-чакасы менен кеткен. (SE)