Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Чүйдө суу ташып, талааларды каптап жатат


Суу ташкын.
Суу ташкын.

Чүйдүн Панфилов районунда 50 гектардан ашык жерди суу каптады. Алдын ала маалыматтарга караганда, Күрпүлдөк айыл аймагында 9-июнь күнү Жарды-Кайыңды суусунун деңгээли көтөрүлүп, 6 гектар бедени жана 50 гектар жайыт жерлерин суу каптап жатат. Турак үйлөргө зыян болгон эмес. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга бөгөт коюу иштери жүрүп жатканын билдирди.

Ысык-Ата районундагы Ак-Кудук айыл аймагында суу ташып, 13 гектар буудай талаасын, эки сарайды каптаган. Бир электр мамысы кулаган.

Нарындын Ат-Башы районунда да суу деңгээли көтөрүлүп, турак-үйлөрдү каптоо коркунучу жаралганын облустук администрация кабарлады. Чүй дарыясында да суу көбөйүп, эл аралык унаа жолду жеп кетүү коркунучунда калганы айтылган. (SE)

XS
SM
MD
LG