Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:38

Актөбө: 5-июндагы чабуулдарга шектелген беш адам жок кылынды


5-июнда Актөбө шаарында курал сатуучу эки дүкөнгө жана Улуттук гвардиянын аскердик бөлүгүнө белгисиз кишилер чабуул жасаган.
5-июнда Актөбө шаарында курал сатуучу эки дүкөнгө жана Улуттук гвардиянын аскердик бөлүгүнө белгисиз кишилер чабуул жасаган.

Казакстандын Актөбө шаарында 5-июнда жасалган чабуулга шектелип, издөөдө жүргөн беш адам жок кылынды. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитети билдирди.

Билдирүүдө төрт адам атайын жасалган операция учурунда жок кылынганы маалымдалат.

“Сүйлөшүү маалында террорчулар өз ыктыяры менен колго түшүүдөн баш тартышып, ок чыгарышты. Андан кийинки ок атышууну токтотуу аракеттери да натыйжа бербеди. Атайын кызматтын чабуулу маалында Некрасов көчөсүндөгү батирде жашырынган төрт адам жок кылынды”, -деп жазылат билдирүүдө.

Шектелгендердин дагы бири шаардын башка тарабында болгон атышууда жок кылынган. Комитеттин билдирүүсүнө ылайык, атышуудан коопсуздук кызматынын эки өкүлү жеңил жаракат алышкан. Чабуул маалында жай тургундар жабыркаган эмес.

Учурда калган шектүүлөрдү издөө жана шаардагы кырдаалды турукташтыруу боюнча иштер уланып жатканы маалымдалды.

5-июнда Актөбө шаарында курал сатуучу эки дүкөнгө жана Улуттук гвардиянын аскердик бөлүгүнө белгисиз кишилер бир убакта чабуул жасашкан. Кол салууда 18 киши набыт кеткен, кырк чамалуу адам жараат алган. Күч кызматкерлери чабуул уюштурган 30 кишинин 13үн жок кылышкан. Кол салгандардын жетөө кармалып, ондон ашуун кишиге издөө жарыяланган.

Шаршембиде президент Нурсултан Назарбаев кандуу окуя боюнча элге кайрылып, курал көтөргөндөрдү экстремисттер деп атады жана алар өлүм жазасына тартылышы керектигин айтты.

Актөбөдөгү операцияда беш адам жок кылынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:44 0:00

XS
SM
MD
LG