Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

Талас: "Жерүйдөн" түшкөн акчага айыл чарба техникасы сатып алынды


Трактор.
Трактор.

Талас районунун акими Бакыт Нуржанов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, "Жерүй" кенин иштетүүдөн түшкөн каражатка сатып алынган трактор, комбайндар 8-июнда үч айыл өкмөткө таратылды. Райондогу дагы үч айыл өкмөтүнө спорт комплекстери курулуп жатат.

2014-жылы "Жерүйдү" иштетүү укугун орусиялык «Востокгеолдобыча» ишканасы утуп алган. Ал компания лицензия акысы үчүн 100 миллион доллар төлөгөн. Талас облусунун аталган кенге жакын жайгашкан айылдарына ушул каражаттын эсебинен 170 миллион сомдон бөлүнүп берилди.

"Жерүй" алтын запасы боюнча "Кумтөрдөн" кийинки орунду ээлейт. (SS)

XS
SM
MD
LG