Евробиримдиктин айрым жетекчилери Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоганга жооп кайтарды. Осмон империясы армяндарды геноцид кылган деп добуш бергени үчүн Эрдоган немис депутаттарын кескин сындаган.
Түркия президенти Бундестагдын 11 түрк улутундагы депутатын Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда каза тапкан 1,5 миллион армяндардын кырылышын геноцид деп атагандыгы үчүн "каны бузулгандар" деп атаган.
9-июнда немис парламентинин төрагасы Норберт Ламмерт "демократиялык жол менен шайланган президенттин XXI кылымда мындай катуу сын айтуусун акылга сыйбаган нерсе", катары сыпаттады.
Эрдоган өз кезегинде Германиянын эл өкүлдөрүн "принципсиздер" деп сындап, алар Түркия күрөшүп жаткан күрттөрдүн Жумушчу партиясын колдоо аркылуу терроризмге жан тартып жатышканын айтып чыккан. Ламмерт мындай айыптоолорду жүйөөсүз деп баалады.
Түркия президентин Европа парламентинин төрагасы Мартин Шульц да сынга алып, өзүнүн "катуу тынчыздануусун" билдирди. Ал Эрдогандын мындай кескин айыптоолору эл аралык мамилелерге кедергисин тийгизбей койбойт деп кошумчалады.