Бул тууралуу Бишкекте өткөн Германиянын KiK аттуу соода компаниясынын өкүлдөрү менен кыргызстандык тигүүчүлөрдүн жолугушуусунда айтылды. Жолугушуу USAID Бизнести өнүктүрүү боюнча демилгеси долбоорунун алкагында Инновациялык клубунун уюштуруусу менен өттү. Иш-чара Кыргызстандын тигүүчүлүк өнөр жайын өнүктүрүү максатын көздөйт.
Жолугушууда KiK компаниясынын камсыздоо боюнча директору Штефани Артман, аталган компаниянын иши, мүмкүнчүлүктөрү жана талаптары тууралуу айтып берди. Ошондой эле кыргызстандык тигүүчүлөр менен кызматташуунун жол-жоболору талкууланды.
Штефани Артмандын айтымында, бул жаатта Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү чоң жана Европа Биримдиги жалпы жеңилдиктер системасы (ВСП+) статусун ыйгарышы да артыкчылык берет.
КiK компаниясынын Европада 3300 дүкөндөрү аркылуу жылына 2,2 млрд. евро каражатты иштетет.
Бул жолугушуу USAID кыргызстандык өндүрүүчүлөр үчүн жаңы базарларды табуу долбоорунун алкагында уюштурулду. Мындай жолугушуулар ай сайын өткөрүлүп келет. Былтыр кыргызстандык тигүүчүлөр 1 миллион долларга жакын буюртмаларды алган. (BCh)