Баткен облусунун Лейлек району менен чектешкен Тажикстандын Сада айылында 10-июнда күйүүчү май ташыган автоунаа өрттөнүп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен ырасташты. Алдын ала маалыматтарга караганда, өрт бир машинеден экинчисине май куюп жаткан учурда чыккан.
Каргашалуу окуядан кыргызстандык бир жаран жабыркап, ооруканага жеткирилген. Ал Тажикстанга күйүүчү май алып бараткан деген маалымат бар. Кыргызстанда соңку кезде өрт кырсыктары көп каттала баштады.
6-июнда Бишкекте газ ташыган машине жарылып, он жаран жабыркаган. Алардын үчөө денесинен 90 пайыз ашуун күйүк алып каза тапты. Дагы үчөөнүн абалы оор экенин дарыгерлер кабарлашты. (NT)