Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Абхазия Орусияга кошулуу тууралуу референдум өткөрбөйт


Артур Миквабия
Артур Миквабия

Өзүн эгемен деп жарыялаган Абхазиянын бийлик өкүлдөрү Орусиянын курамына кирүү тууралуу референдум өткөрбөй тургандыгын өкмөт башчы Артур Миквабия РИА-Новостиге билдирген. Анын айтымында, Сухуми Түштүк Осетиянын жолун жолдобойт. Ал жакта 2017-жылы ушул тууралуу референдумдун өтүшү күтүлүүдө.

Миквабия анын өлкөсү "көз карандысыз" жана "Орусиянын туруктуу жана ишенимдүү өнөктөшү" бойдон каларын айтты.

XS
SM
MD
LG