Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Премьер-министр ИИМге “Коопсуз шаар” долбооруна көнүл бурууну тапшырды


Бул тапшырма премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жаңы дайындалган ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алган учурда берилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууда жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, министрликтеги реформалар маселеси талкууланды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков айрым кылмыштардын бети ачылбай жатканын билдирип, бул жаатта чечкиндүү чара көрүүгө чакырды.

«Коопсуз шаар» долбоорунун айланасындагы кырдаалды иликтеп чыгып, жакынкы аралыкта маалымат берүү милдетин да тапшырды.

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында Бишкек, Ош, Каракол шаарларынын көчөлөрүнө, борбордук аянттарга, сейил бактарга, ири базарларга жана соода жайларына, Бишкек-Каракол жолуна видеокөзөмөл орнотуу жагы каралган. Бирок бул долбоор боюнча эки жолку тендер жараксыз деп табылып, ишке ашпай келет.(BkA)

XS
SM
MD
LG