Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Нарын: газга уулангандардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду


Нарын шаардык прокуратурасы тарабынан «Нарын суу канал» ишканасынын үч кызматкеринин иш учурундагы өлүмү боюнча кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу шаардык прокуратурадан “Азаттыкка” кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 142-беренеси (эмгек укугунун эрежелерин бузуу) жана 316-беренеси (шалаакылык) менен козголгон иш тергелип баштады.

9-июнда Нарын шаардык суу канал ишканасынын үч кызматкери акыр- чикир кеткен түтүктү алмаштырып жатып, газга ууланып каза болгон. Дагы эки кызматкер оор акыбалда ооруканага түшкөн. (MiK)

XS
SM
MD
LG