Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:32

Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги аңчылыкка убактылуу тыюу салууну сунуштады


Каракол зоопаркындагы аркар
Каракол зоопаркындагы аркар

Мындай мыйзам долбоор коомдук талкууга чыгарылганын Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин төрагасы Абдыкалык Рустамов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мыйзам долбоор өлкөдөгү жапайы жаныбарларды сактоо жана алардын санын көбөйтүү максатын көздөйт.

Долбоордо 2017-жылдан тарта өлкө аймактарында аңчылык зоналарына кезек-кезеги менен тыюу салуу каралууда. Ага ылайык, 2017-жылдан 2019-жылга чейин Баткен, Чүй жана Ысык-Көл облустарында, 2020-2022-жылдарга чейин Нарын, Ош облустарында 2023-2025-жылдарда Жалал-Абад, Талас облустарында аңчылыкка тыюу салуу каралган.

Курманов өлкөнүн бардык аймактарында бир учурда аңчылыкка тыюу салууга мүмкүнчүлүк жок экенин билдирди.

Буга чейин айрым депутаттар Кыргызстанда 2030-жылга чейин аңчылыкка тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорду сунуштаган эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG