Орусия Мамлекеттик думасы оппозициячыл депутат Илья Пономаревду мандатынан ажыратты. "Пономарев депутаттык милдетин системалуу түрдө аткарган жок" деген сунушка Мамдуманын 413 депутаты макул, үч депутат каршы добуш беришти. Бул маселе боюнча парламент жыйынында сүйлөп жатып, Этика боюнча комитеттин төрагасы Виктор Заварзин Пономаревдун 30 күндөн ашык пленардык жыйынга катышпаганын билдирди.
Илья Пономарев өз милдетин аткарбаганы үчүн мандатынан ажыратуу боюнча жаңы мыйзам негизинде депутаттык кызматынан кол жууган биринчи депутат болду.
“Адилеттүү Орусия” партиясынан депутаттыкка шайланган Илья Пономарев Крымдын Орусияга кошулушуна каршы добуш берген жалгыз депутат болгон. Кийинчерээк өлкөдөн чыгып кеткен.
2015-жылы ал депутаттык кол тийбестик макамынан ажыратылып, сыртынан соттолгон.