Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Венгрия менен чакан ГЭС куруу боюнча сүйлөшүү өттү


Чыныбай Турсунбеков
Чыныбай Турсунбеков

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Венгрияга расмий сапарынын алкагында аталган өлкөнүн президенти Янош Адер менен жолукту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий кызматташтык тууралуу сөз болгон.

Турсунбеков эки өлкө ортосунда соода-экономикалык байланыш анча жакшы деңгээлде эместигин белгилеп, венгер инвесторлорун Кыргызстанга чакырган. Жолугушууда Кыргызстанга чакан ГЭС куруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков баш болгон депутаттар Европа өлкөлөрүндө расмий сапар менен жүрөт.(BkA)

XS
SM
MD
LG