Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:22

Стамбулдагы жардыруу үчүн күрт жикчилдери жоопкерчиликти алды


Түркиянын Стамбул шаарындагы 11 адамдын өмүрүн алган жардыруу үчүн жоопкерчиликти күрт жикчилдери алды. Түркияда тыюу салынган Күрт жумушчу партиясынан бөлүнгөн “Күрдистан шумкарлары” аттуу куралдуу топтун согушкерлери 7-июндагы жардырууну ишке ашырганын билдиришти.

Стамбулдун эл көп жүргөн районундагы полициянын автобусу өтүп бараткан чакта дүрмөттөлгөн автобус жардырылган эле. Андан 11 адам мерт болуп, 40га жакыны жараат алган. Түрк бийликтери 7-июнда Стамбулда полиция автобусун жардырууга Күрт жумушчу партиясынын тиешеси бардыгына далилдер табылганын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG