Бул тууралуу “Азаттыкка” жабыр тарткан Умар Мамажунусов билдирди. Айтымы, 9-июнь күнү Кара-Суу районунун Коргон айылында болгон. Ислам Орозов аттуу милиция кызматкери Мамажунусовдун эжесинин үйүндө иштеп жаткан усталардын автоунаасын токтотулган жерден башка жакка жылдырууга буйрук берип, сөгүп жиберген. Уруш укканына чыдабаган Мамажунусов да ага бир-эки ооз сөз кайтарган. Натыйжада милиция кызматкери Орозов аны бир нече жолу сабап салган.
Кийин спорттук дене түзүлүштөгү дагы төрт баланы чакырып, Умар Мамажунусовду бетке, ичке, бөйрөккө тепкилешкен. Алар жабырлануучуну “бирөөгө арыздансаң, өлтүрүп салабыз” деп коркутушкан.
Чырдан улам Мамажунусовдун оозу айрылып, баш мээси чайкалып, ички органдары жабыр тарткан. Учурда ал ооруканада дарыланууда. Бул боюнча ал Ош облустук милиция бөлүмүнө арыз жазган. Милициядан ырасташкандай, окуя боюнча кылмыш иши козголо элек.
Араван райондук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн кызматкери Ислам Орозовдун өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок. (ErN)