Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

Лондондогу чоң салтанатта падышалык кароол эстен танды


Кара тумактуу кароолдор
Кара тумактуу кароолдор

Бүгүн эртең менен Букингем сарайынын жанында өтүп жаткан Британиянын ханышасы Елизавета экинчинин 90 жылдык мааракесинде парадда турган падышалык кароолдун бирөө эстен танып жыгылды. Бул тууралуу Evening Standard гезити жазып чыкты.

Лондондогу аба ырайынын ысык болуусунан жана калың тумак кийип алгандан улам кароол эс-учун жоготкону айтылууда. Ага медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага алып кетишти. Бүгүн Британиянын ханышасы Елизавета экинчинин 90 жылдыгына байланыштуу чоң салтанаттуу парад өтүп жатат. (BCh)

XS
SM
MD
LG