Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:36

Актөбөдөгү кол салууга шектүү дагы эки адам кармалды


Актөбөдө коопсуздук абдан күчөтүлгөн.
Актөбөдө коопсуздук абдан күчөтүлгөн.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Актөбөдөгү кол салууларга шектүү эки адам кармалганын кабарлады. Аларды кармоо боюнча операция өткөн түнү Актөбөдө жүргүзүлгөн. Антитеррордук штаб кармалгандар буга чейин издөө жарыяланган Акпанбетов Алибек жана Куанышбаев Бакыт экенин маалымдады. Аларды кармоо учурунда эч ким жабыркаган эмес.

“Азаттыктын” казак кызматынын кабарлашынча, өткөн түнү Актөбөдөгү Москва көчөсүндөгү жатакананын тургундары үйлөрүнөн чыгарылып, брондолгон атайын унаа алып келинген.

5-июнда Актөбөдө куралчан топтор курал саткан эки дүкөнгө жана аскер бөлүгүнө кол салышкан. Андан төрт жай тургун жана үч аскер кызматчысы каза болгон. Кол салгандардын 15тен ашыгы жок кылынып, дагы бир нечесине издөө салынган.

XS
SM
MD
LG