Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:46

Иран Канада сотунун чечимине нааразы болду


Иран менен Канаданын байрактары
Иран менен Канаданын байрактары

Иран бийликтери Канада сотунун камактагы ирандын активдери боюнча чыгарган чечимине нааразылыгын билдирди. Иран тышкы иштер министринин өкүлү Жабер Ансари 11-июнда сүйлөп жатып, сот чечими Канада өкмөтүнүн эл аралык милдеттемелерине каршы келерин белгиледи. ИРНА агенттиги жазгандай, Онтарио сотунун чечими Канаданын жаңы өкмөтүнүн Иран менен мамилени жакшыртуу боюнча аракетине тоскоол болушу мүмкүн.

10-июнда Канада соту Ирандын камактагы активдерин Тегеран колдоого алган ХАМАС жана "Хезболла" тобунун чабуулдарынан өлгөндөрдүн жакындарына төлөп берүү боюнча чечим кабыл алган.

Ага ылайык, ирандын камактагы 13 миллион доллар каражаты 1983-жылдан 2002-жылга чейин Буэнос-Айрес, Израил, Ливан жана Сауд Арабиясындагы чабуулдарда каза болгон америкалыктардын үй-бүлөлөрүнө төлөнүп берилет. Бул чабуулдарда жүздөн ашык адам набыт болгон.

XS
SM
MD
LG