Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Америкалык ырчы Кристина Гриммеге кол салган адамдын тек-жайы аныкталды


Ырчы Кристина Гримми
Ырчы Кристина Гримми

АКШнын полициясы ырчы Кристина Гриммиге ок аткан адамдын тек-жайын аныктады. Өлкөдөгү музыкалык шоунун катышуучусу 22 жаштагы Гриммиге Флорида штатындагы Орланда шаарында 10-июндагы концерттен кийин автограф берип жаткан учурда белгисиз адам ок чыгарган. Мындан соң ырчы ооруканага жеткирилип, бирок алган жараатынан көз жумду.

Полиция ырчыны аткан адам 27 жаштагы Кевин Лойбль экенин маалымдады. Ал атайын куралданып, башка шаардан Орланда шаарына келген. Ырчыга кол салуунун ыңгайын күтүп туруп, күйөрмандарына кол тамга берип жаткан учурда ок чыгарган. Мындан соң ырчынын жакындары аны кармоого аракет кылган учурда өзүн-өзү атып салган.

XS
SM
MD
LG