12-13-июнда күндүн кескин ысышына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүп, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
Аба ырайы:
13-июнда Ысык-Көл облусунда жана тоолуу райондордо айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35;
Таласта түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;
Баткен облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17 , күндүз 23…28;
Нарында түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30;
13-июнда Бишкекте жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 33…35 градус ысык, саратан күчүнө кирди.