Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:43

Чеченстандагы көчөгө Мухаммед Алинин аты коюлду


Мухаммед Али.
Мухаммед Али.

Чеченстандын борбору Грозныйдын көчөсүнө легендарлуу мушкер Мухаммед Алинин аты коюлду. Бул тууралуу шаар мэриясынын сайтында маалымдалат. Аз мурда көзү өткөн улуу боксчунун атын коюуну Чеченстан республикасынын башчысы Рамзан Кадыров сунуштаган. Киров атындагы проспектинин атын алмаштыруу салтанатына катышкан Кадыров Мухаммед Алини чыныгы мусулман адамдын үлгүсү жана улуу спортчу деп атады. Америкалык мушкер Мухаммед Али 3-июнда, 75 жаш курагында дүйнөдөн өтүп, 10-июнда жерге берилди.

Ал 1960-жылдагы Олимпиада чемпиону, оор салмакта дүйнөнүн абсолюттук чемпиону (1964-1966, 1974-1978) жана беш жолку “Жылдын мушкери" наамынын ээси. АКШда расалык теңсиздик күчөп турганда тең укуктуулук үчүн күрөшүүчүлөрдүн алдыңкы сабында турган.

XS
SM
MD
LG