Казакстан Улуттук коопсуздук комитети Актөбө окуясына шектелгендердин баары кармалганын билдирди.
Актөбө облусундагы республикалык ыкчам штаб террористтик кооптуулук деңгээлин кызыл деңгээлден, сары деңгээлге төмөндөттү.
Атайын операциянын жүрүшүндө жекшембиге оогон түнү издөөдөгү акыркы үч шектүү делген Таңатаров, Куанышбаев жана Акпанбетовдор кармалышты.
Коопсуздук комитети ушуну менен Актөбө окуясына шектелип 9 адам кармалганын, 18 адам жок кылынганын жарыялады. Алар тартып алган 23 мылтык кайтарылды. Кол салууга байланыштуу ачылган 25 кылмыш иши бир ишке бириктирилди.
5-июнда Актөбөдө куралчан топтор курал саткан эки дүкөн жана аскер бөлүгүнө кол салышкан. Кол салгандардан тышкары төрт жай тургун жана үч аскер кызматчысы курман болгон.