Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети 14-июнда жашы жете элек кыздарга нике кыйгандарды жоопко тартуу боюнча мыйзам долбоорун талкуулайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Өткөн аптадагы жалпы жыйында депутаттар жашы жете электерге нике кыйган молдолорду жана ага жол берген ата-энелерди жоопко тартуу боюнча Кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү көпчүлүк добуш менен биринчи окууда жактырган. Жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салуу боюнча Yй-бүлө жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова сунуштаган. 26-майда парламент аны биринчи окууда четке каккан. Жарандык активисттер буга нааразылык билдиришип, мыйзамды колдоого эл өкүлдөрүн чакырып, ар кандай акцияларды уюштуруп келишкен. Акыйкатчы Кубат Оторбаев да документке кайрадан добуш берүү өтүнүчүн Жогорку Кеңешке жолдогон. "Ата Мекен" фракциясы 8-июнда мыйзам долбоорду кайра добушка койгон болчу. (NT)