Бишкекте эки наристе жабыркаган кырсыктын күнөөкөрү деп шектелген адам кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, кечээ, 12-июнда Көлмө жаңы конушунда 57 жаштагы мас айдоочу машинасын артты көздөй айдап, унаа токтотуучу жайдан чыгып келатып сыртта турган колясканы сүзгөн. Натыйжада 1 жана 3 жаштагы эки наристе жабыркаган. Учурда экөө тең ооруканада. Алар менен кошо 28 жаштагы атасы да жеңил жараат алган.
Мас абалында машина айдап, балдарга зыяны тийген айдоочуну жазалоо чарасы каралууда. (RK)