Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Каржы министрлиги насыя шартын жеңилдетүүгө каршы чыкты


Айыл чарбасы үчүн жеңилдетилген насыянын пайыздык ченин төмөндөтүүгө Каржы министрлиги макул эмес. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында министрдин орун басары Мирлан Байгончоков билдирди.

Депутаттар тобу мыйзамдарды өзгөртүп, дыйкандарга берилген насыяны 7 пайызга чейин төмөндөтүү сунушун киргизүүдө. Ал үчүн кошуча 100-200 млн сом каражат талап кылынат.

Бүгүнкү жыйында тиешелүү мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы жактырылды.

Демилгечилердин пикиринде, мындай чара айыл чарба продукциясын өндүрүү көлөмүн көбөйтүүгө, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жана айыл калкын иш менен толук камсыз кылууга, калктын турмуш деңгээлин жогорулатууга түрткү берет.

Бирок талкуу жүрүшүндө бир катар депутаттар насыя өлчөмүн 7 пайызга чейин төмөндөтүү демилгесине карата каршы пикирин билдиришти.

Ал эми министрдин орун басары Мирлан Байгончоков ушу тапта мамлекет айыл чарба багытындагы насыяны 10-11 пайыздык үстөгү менен берип жатканын, анын чегин 7 пайызга чейин төмөндөтүүгө кошумча каржы булактары жок экенин билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG