АКШнын Федералдык коопсуздук кызматынын кабарлоосуна караганда, ал Орландо шаарында гей-клубга кол салаардан мурун полициянын куткаруу бөлүмүнө телефон чалып, "Ислам мамлекети" деп аталган террордук топтун катарында экенин билдирген. АКШнын тарыхындагы эң көп кишини атып өлтүргөн адам 29 жаштагы Омар Матин экенин ФБР аныктады. Ал АКШда төрөлгөн, түбү оогандык болгон. Омар Мартин кыргын сала баштагандан үч сааттан кийин келген полиция аны атып салган. Президент Барак Обама кол салууну “теракт жана жек көрүүчүлүк” деп атады:
- Бул теракт жана жер көрүүчүлүк актысы болду. Биз америкалыктар кайгыда, ачууда, элибизди коргоодо чечкиндүү түрдө бирбиз.
Барак Обама бийлик кылмыштын себеби жана максаты эмне экенин иликтөөнү улантып жатканын кошумчалаган.
Орландонун мэри Бадди Дайер октон жараланган 53 киши ооруканага түшкөнүн, алардын көбүнүн абалы оор экенин маалымдады.
"Ислам мамлекети" деп аталган террордук топ кол салууга жоопкерчиликти алды.