Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

Тажикстанда экинчи уулу абакка кесилген адвокат каза болуп калды


Оппозициянын белгилүү өкүлүн коргогон адвокат экинчи уулу камалгандан он күндөн кийин дүйнөдөн кайтты. Ал уулдарын жасалма жол менен камашканын билдирген. 61 жаштагы Исхок Табаров 12-июнда Душанбеде көз жумду. Анын жубайы Зухро Шерова “Азаттыкка” дарыгерлер абышкасынын өлүмү күйүткө байланыштуу инсульт деп айтканын билдирген.

2-июнда Вахдат шаарынын соту Табаровдун уулу Далер Табаровду “кылмыш жөнүндө кабар берген эмес” деп айыптап, алты айга кескен. Экинчи уулу Фируз Табаров 13,5 жылга эркинен ажыратылган. Ага "конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырган" деген айып коюлган. Табаров анын уулдарына коюлган айыптар саясий максатта экенин билдирип, күйүттөн 20 килограммга арыктап кеткен. Ал ишкер Зайд Саидовдун кызыкчылыгын коргогон. Саидов каттоого алынбаган "Жаңы Тажикстан" оппозициялык партиясын негиздеген. Ал 2013-жылы 29 жылга эркинен ажыратылган. Ага финансылык мыйзам бузуулар, көп аял алуу жана жашы жете электерге менен сексуалдык байланышка барган деген айыптар коюлган. Саидов жана анын тарапкерлери айыптоолорду четке кагып, ал саясатка байланышуу экенин билдирүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG