Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:07

УЕФА Орусия менен Англияга эскертүү жасады


 Орусиялык футбол күйөрмандары.
Орусиялык футбол күйөрмандары.

Европа футбол ассоциациялар биримдиги Англия менен Орусиянын футбол күйөрмандары дагы зордук-зомбулукка бара турган болсо, анда эки команда тең Европа биринчилигинен четтетилерин эскертти. Жекшембиде уюм Марсель шаарындагы оюнга чейин жана андан кийин болгон мушташка байланыштуу Орусиянын футбол биримдигине каршы дисциплинардык иш ачкан.

11-июнда Англия менен Орусиянын курама командаларынын беттешүүсү 1-1 эсебинде аяктаган. Оюндун алдында эки тараптын күйөрмандары шаарга калайман салып, мушташып кетишкен. Матч бүткөндөн кийин орусиялык фанаттардын тобу стадиондун британиялыктар отурган бөлүгүнө өтүп келип, уруш чыгарышкан. Орусиянын спорт министри Виталий Мутко УЕФА туура чечим кабыл алганын айтып, футбол көргөнү эмес, чыр чыгарганы келген адамдарды аныктап, экинчи эч жакка кое бербеш керектигин билдирди. УЕФАнын өкүлдөрү ошондой эле стадиондогу кемчиликтерди белгилешти. Маселен, эки атаандаш-команданын ышкыбоздору ортосунда буфердик зона коюлган эмес. (AiT)

XS
SM
MD
LG