Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:39

Азиздер жана дүлөйлөр коомуна байланышкан чырды атайын топ иликтейт


Акүй алдындагы нааразылык.
Акүй алдындагы нааразылык.

Бул тууралуу Жогорку Кеңеш депутаты Дастан Бекешев билдирди. Ал 13-июнда маалымат жыйын куруп, аталган коомдун жетекчиси коррупцияга аралашканын айтты. Майыптарга курулган 225 батирдин 10-15 чактысы башка адамдарга берилип кеткенин, анын чоо-жайын иликтөө үчүн атайын топ түзүлгөнүн жана бир айдан кийин жыйынтык чыгарарын кошумчалады.

Бекешов коомдун мүчөлөрүн жарандык активисттердин, негизинен Мавлян Аскарбековдун чагымдарына алдырбоого чакырганын парламенттин расмий сайты жазды.

Азиздер жана дүлөйлөр коомунун 50дөй мүчөсү турак жайга байланыштуу жетекчилигине көптөн бери нааразылык билдирип, президент Калык Мамбетакуновду майыптар үчүн курулган батирлерди жең ичинен бөлүштүрдү деп айыптап келатышат. Мамбетакунов болсо бул айтылгандарды куру доомат катары баалап, өлкө боюнча үй алууга кезек күткөн майыптардын саны 2500гө жакын экенин жана алардын баарын батир менен камсыздоого чама жетпей жатканын айтып келет. (NT)

XS
SM
MD
LG