Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Жалал-Абад: облус бийлиги элди жергиликтүү аба каттамын пайдаланууга чакырды


Жалал-Абад аба бекети.
Жалал-Абад аба бекети.

13-июнда ишке киришкен Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек аба каттамы аркылуу учкан жүргүнчүлөр аз болду. Жалал-Абад шаардык мэриясы билдиргендей, British Aerospace-140-200 үлгүсүндөгү 100 орундуу учак менен кечээ Бишкектен 12 адам гана учуп келген. Эгерде жүргүнчүлөр көп болсо, аталган каттам бир жумада эки жолу жүргүзүлөт. Жакынкы күндөрү Ысык-Көлгө да каттамдар уюштурулат. Билеттин баасы 2700 сом, ал эми пенсионерлерге 2400 сомдон сатылууда.

Каттамдын кайра токтоп калбашы үчүн шаар бийлиги облус тургундарын Ош аэропорту аркылуу эмес, Жалал-Абаддан учууга чакырууда.

Бишкек-Жалал-Абад каттамы 2015-жылдын декабрында уча баштап, үч айга жетпей кайра токтоп калган. Жалал-Абад шаарындагы аэропорт талапка жооп бербейт жана жүргүнчү аз деген жүйө менен бул каттам мурда да бир канча жолу ишке кирип, кайра токтоп калып турган. (RsK)

XS
SM
MD
LG