Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:15

УКМК кызматкеримин деп милиция менен чырлашкандар кармалды


Оңдон солго: Бахтияр Байимбаев жана Абубакир Урказиев
Оңдон солго: Бахтияр Байимбаев жана Абубакир Урказиев

Мас абалында милиция менен чырлашып, өзүн УКМК кызматкеримин деп тааныштырган эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн атайын кызматтан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, 22 жаштагы Бахтияр Байимбаев жана 21 жаштагы Абубакир Урказиевге карата Кылмыш кодексинин 234-беренесинин (бейбаштык) негизинде иш козголду.

"Мындан ары кимде-ким алдоо жолу менен өзүн күч түзүмүнүн кызматкеримин деп тааныштырып, мыйзам бузган болсо, аларга карата эң катуу чара көрүлөт" деп айтылат УКМК тараткан билдирүүдө.

Өткөн аптада интернетте өзүн УКМКнын 9-башкармалыгынын кызматкеримин деп милиция менен орой сүйлөп, кайым айтышып жаткан мас адамдын видеосу тараган. Ал үстүндөгү кийимин чечип, жылаңачтанганга чейин барган. (RK)

XS
SM
MD
LG