Линктер

ишемби, 19-август, 2017 Бишкек убактысы 22:52

Токтогулда жол кырсыгы эки адамдын өмүрүн кыйды


Токтогулда сууга кулаган автоунаадан эки адам набыт болду. Райондун Толук айылында кечээ, 13-июнда саат 22:00 чамасында Толук суусуна кулаган S2797B мамлекеттик номерлүү "Нива" үлгүсүндөгү автоунаанын ичинде бараткан 5 адамдын экөөнүн сөөгү суудан табылды.

ӨКМдин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, дагы бирөө табылбай жатат.

Ал эми калган эки бала өз алдынча суудан чыгып кеткен.

Район борборунан 60 км аралыкта жайгашкан Толук айылына жолдун катаалдыгынан улам кышкысын каттам убактылуу жабылып турат. (RsK)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG