УЕФА Орусия футбол биримдигин орусиялык күйөрмандар 11-июнда Марсель стадионунда башаламандык уюштурганы үчүн 150 миң евро айыпка жыкты. Мындан тышкары, эгер ушундай окуя дагы кайталанса, Орусия курамасы оюндан чыгарылары эскертилди.
Бул арада француз бийлиги Евро-2016 чемпионаты учурунда дагы тартип бузушу ыктымал деп кооптонуп, орусиялык күйөрмандар тобун өлкөдөн чыгарууда.
Полиция Марселден Лилль шаарына бараткан автобустагы 29 орусиялык фанаттын документтерин текшерип, андан соң өлкөдөн чыгарыш үчүн атайын чек ара борборуна алып барган. Бул тууралуу "Франс-пресс" агенттиги кабарлоодо.
Дүйшөмбүдө Марсель прокуратурасы 11-июндагы англиялык күйөрмандар менен атайын даярдыктан өткөн 150 орусиялык футбол бейбаштары мушташканын билдирген.
Шаар ичиндеги кыйроолордун көбүнө да ошолор айыптуу деп табылган. Марселдеги жаңжалда 30 адам жабыркаган. Айрымдарынын абалы оор.