Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:32

"Аэрофлот" АКШга барган кыргыз активистинин арызын карай баштады


Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

Орусиянын "Аэрофлот" компаниясы кыргызстандык жарандык активист Адил Турдукуловдун арызынын негизинде ички териштирүү жүргүзө баштады. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Турдукулов кабарлады. Анын пикиринде, АКШга учкандар боюнча маалыматты "Аэрофлот" Кыргызстандын атайын кызматына бергени тууралуу бейрасмий кабар бар.

Турдукулов ар бир авиакомпания өз кардарлары тууралуу маалыматтын купуялыгын сактоого милдеттүү экенин, "Аэрофлот" аркылуу АКШга барган кыргызстандык делегация мүчөлөрүнүн тизмесин көрсөтөбүз деп башка кардарлардын аты-жөнүн да ачыкка чыгарып жиберишкенин, бул мыйзамсыз экенин айтууда:

- Мындай маалымат чыгып кетиши биздин тартиптин бузулушу болуп эсептелет деп жооп беришти. Териштирүү узак убакытты алса да аягына чыгарабыз деген кепилдигин айтышты. Эгер күнөөлүүлөр аныкталса, алар сөзсүз түрдө административдик жоопко тартылат деген жооп узатышты.

Өткөн айда он чакты кыргызстандык оппозиционер саясатчы, журналисттер АКШга барып келген. Айрым маалымат каражаттары алар "антиорусиялык пропаганда жүргүзүү үчүн тапшырма алганы баратат" деп жазып, "Аэрофлот" аркылуу ошол күнү учкандардын рейси боюнча тизменин көчүрмөсүн жарыялашкан болчу.

Ал эми делегация мүчөлөрү мындай айыптоону негизсиз деп атаган. (RK)

XS
SM
MD
LG