Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:55

Экстремизмге айыпталган алты тажикстандык соттолду


Тажикстанда тыюу салынган “Салафия” диний агымынын болжолдуу мүчөлөрү деп шектелгендер үчтөн беш жарым жылга чейин кесилди.

Хатлон облусунун Абдурахмон Жоми райондук сотунан билдиришкендей, алты жергилик тургун экстремизмге чакырган деп айыпталууда. Өкүм өткөн жуманын аягында чыккан.

2009-жылы Тажикстан “Салафия” диний агымына тыюу салган. Тажик башкы прокуратурасы Сирия менен Иракка барып, экстремисттик топторго кошулган миңдей тажикстандыктын көбү ушул агымдан экенин айтып келет.

XS
SM
MD
LG