Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Жогорку Кеңеш мунапыс маселесин карайт


Абак.
Абак.

Парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында “Мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда талкууга коюлат. 13-июнда аны Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети жактырган.

Документте эгемендиктин 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы Үркүндүн 100 жылдыгына карата абактагыларга мунапыс жарыялоо сунушталган. Демилгечи депутаттар жаза өтөө жайларында абактагыларга сарпталган каражатты үнөмдөө максатын көздөп жатышат.

Мунапыска абактагы тартипти так сактаган 60тан өткөн эркектер, 55 жаштан өткөн аялдар, биринчи, экинчи топтогу майыптар, өтө оор эмес айып менен соттолгондор илиниши мүмкүн. Жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча, мыйзам долбоор кабыл алынса 3000ден ашык адамга мунапыс берилиши ыктымал. Кыргызстанда маанилүү даталарга байланыштуу маал-маалы менен мунапыс жарыяланып турат. (NT)

XS
SM
MD
LG