Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:34

Бишкекте карыларга камкордук көрүүгө чакырган акция өтөт


Президент Атамбаев энелер күнүндө.
Президент Атамбаев энелер күнүндө.

Бүгүн Бишкек-Парк эс алуу борборунда улгайгандарга көңүл бурууга багытталган акция өтөт. Иш-чара "Чоң ата, чоң энелерге көбүрөк сүйүү, көңүл жана камкордук" деп аталат жана 15-июнь карыларга жасалган начар мамилелер тууралуу маалымат таратуунун эл аралык күнүнө карата уюштурулган. Анда улгайган адамдар өздөрүнө жакшы жашоо укугун камсыздоого чакырышат.

Карылардын жашоосунун сапаты жагынан былтыр Кыргызстан Help Age International Global Age Watch Index 2015 изилдөөсүнүн жыйынтыгында 96 мамлекеттин арасынан 51-орунду ээлеген. Өлкөдө орточо пенсия 4,6 миң сомду түзөт. КМШ ичинде бул эң төмөн көрсөткүчтөрдүн бири. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда пенсия алган кары адамдардын саны 408 миңдин тегерегинде. (NT)

XS
SM
MD
LG