Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Өкмөт жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү сунушталууда


Кыргызстанда өкмөт жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү сунушталууда. Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Искендер Матраимов, Узарбек Жылкыбаев, Гүлкан Молдобекова демилгелеген мыйзам долбоору талкууланды. Тармактык комитеттин маалыматына караганда, өзгөртүүлөр кызматтан бошотуу тартибин жөнгө салууга багытталган. Тагыраак айтканда, президент өкмөт мүчөлөрүн премьер-министрдин сунушунун негизинде бошотот.

Ошону менен катар министр же башка өкмөт мүчөсүн ага карата ишенимдин кетишине байланыштуу кызматтан алуу тартиби да жазылган.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. (RK)

XS
SM
MD
LG