Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Көчмөндөр маданиятын сүрөткө түшүргөн балдар сыйланды


“Көчмөндөр маданияты балдардын сүрөтүндө” аттуу республикалык конкурстун жыйынтыгы чыгарылды. Жеңүчүүлөргө сыйлык тапшыруу салтанаты бүгүн Бишкекте “Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары-2016” катчылыгында өттү.

Сынак "Балажан" республикалык эстетикалык тарбия берүү борбору менен бирге көчмөндѳр маданиятын коомчулукка жайылтуу, көчмөн элдердин улуттук, салтуу оюндарын өнүктүрүү, өсүп келе жаткан муундун атуулдук, жарандык сезимдерин арттыруу максатында уюштурулган.

Ага 5-17 жаштагы балдар-кыздар катышты. Жалпысынан конкурска 1629 сүрөт коюлган, 20 чакты автор сыйлыкка татыды.

Калыстар тобунун курамына атактуу сүрөтчүлөр, искусство таануучулар, Сүрөтчүлөр союзунун мүчөлөрү жана атактуу кол өнѳрчүлөр кирди. Конкурста жакшы деп аныкталган сүрөттөр Чолпон-Ата шаарында быйыл күзүндө өтө турган II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына карата уюштурулган атайын көргөзмөгө коюлат. (RK)

XS
SM
MD
LG