Орусиянын мамлекеттик мунай компаниясынын башчысы Игорь Сечиндин билдиргенине караганда, "Роснефть" акцияларынын бештен бир бөлүгүн “стратегиялык инвестчиге” сатууну көздөөдө. Мындай маалыматты Сечин италиялык “II Sole 24 Ore” гезитинде 14-июнда жарыяланган маегинде билдирди.
Сечин Орусиядагы экономикалык төмөндөөдөн, мунай баасынын арзандыгынан, Батыштын санкцияларынан улам “Роснефтинин” акциялары азыр биржада “адилет” бааланбай жатканын белгилеген.
Мурда мунай секторундагы активдерди мамлекет колуна топтоп келген орус өкмөтү кайра алардын бир бөлүгүн сатууга бюджеттик оорчулуктан улам барууда.
Экономика министрлиги ушу тапта “Роснефтинин” 19,5% акциясын сатуудан бюджетке 700 миллиард рубль же 10,5 миллиард доллар аларына үмүт артууда.
Эки жыл илгерээк “Роснефть” Бишкектеги “Манас” аэропортунун акцияларын сатып алууга кызыгып, бирок кайра бул планынан баш тарткан. (UE)