16-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу ыктымал. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 18-23 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 14…19, күндүз 22…27,
Таласта түнкүсүн 12…17, күндүз 20…25,
Баткенде түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29,
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 15…20, 25…30,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 9…14, күндүз 17…22,
Нарында түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8 градус.
Бишкек шаарында маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 17…22°, күндүзгү жогорку температурасы 24…26°